Menu

Нуран Ниязалиевдин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү, коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жаңылантуу сыяктуу кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир менен алмашышты.

Ошондой эле министрдин орун басары менен элчи жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде и боло турган тышкы саясий иш-чараларды талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: