Эл аралык «Манас» аэропорту 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча “Мыкты листингдик компания” номинациясынын жеңүүчүсү деп аталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
«Мыкты листингдик компания» номинациясы баалуу кагаздары Кыргыз фондулук биржасында катталган компанияларга ачык-айкындуулукту камсыз кылгандыгы үчүн ыйгарылат.
Мыкты листингдик компанияларды аныктоо үчүн талапкерлер төмөнкү критерийлер боюнча бааланышат: – акцияларга болгон суроо-талап;
– фондулук рынокто баалуу кагаздарга байланыштуу активдүүлүк;
– акциялардын өтүмдүүлүгү,
– маалыматтардын ачыктыгы,
– очтеттук мезгилдеги каржылык көрсөткүчтөр.
2020-жылы Кыргыз фондулук биржасы Эл аралык «Манас» аэропортунун баалуу кагаздары менен 10,6 миллион сомго 90 бүтүм жүргүзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ