Menu

Караганды облусунда шахтадан чыга албай калган жумушчунун сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Караганды облусунун Ленин шахтасында өзгөчө абал учурунда тышка чыга албай калган жумушчунун сөөгү табылды. 13-январга караган түнү көмүр шахтасында ис чыгып, жумушчулар эвакуацияланган. Окуя учурунда машинист Николай Шадиров жер астында калып калган.

Буга чейин шахтага ээлик кылган “АрселорМиттал Темиртау” компаниясы издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, маркум компаниянын көмүр департаментинде 16 жыл иштеген. “АрселорМиттал Темиртау” жумушчунун үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтө турганын билдирди.

Газдан ууланган дагы эки жумушчу ооруканага жаткырылды. Облустук ден соолук департаменти алардын жагдайы туруктуу, орто даражада ууланганын белгиледи.

Мамлекеттик органдар бир киши мерт болуп, эки киши жабыр тарткан окуяга байланыштуу комиссия түзүп, атайын текшерүү башталганын кабарлашты.

Ленин атындагы шахта 1964-жылы ачылып, 1968-жылы “Наклонная” шахтасы менен бириктирилген. 1996-жылы бул шахталар менен катар башка бир нече шахта, ошондой эле Темиртаудагы металлургиялык комбинат индиялык миллиардер Лакшми Миталлдын компаниясынын карамагына өткөн.

1970-жылдардан бери Ленин атындагы шахтада адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. Алардын эң ириси 2006-жылы катталып, метандын жарылуусунан 41 жумушчу каза болуп, жетөө жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: