Жалал-Абадда чет элдик жарандардын жаш балдарга белгисиз таттууларды тараткан учуру милиция тарабынан иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-январь күнү саат 13:00 чамасында, Жалал-Абад ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын 40 жаштагы И.Д. аттуу тургуну кайрылып, Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуу заттарды таркатып жатышкандыгын айтып, жаш балдардын ден-соолугу үчүн кооптонуп жаткандыгын билдирип, аталган заттарды алып, тактоо зарылдыгын билдирип телефон аркылуу чакыруу жасаган.
Аталган чакыруунун негизинде Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, окуяны жеринде текшерген учурда, чет элдиктер Түштүк Корея Республикасынын 3 жараны экендиги аныкталып, алардын өздүктөрү такталган. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдө: котормочусунун катышуусунда ооз эки түрдө берген көрсөтмөсүнө ылайык, алар 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын аймагына турист катары эс алып, көрүп кетүү үчүн келишкендигин жана 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн учурда ал жерде ойноп жүргөн жаш балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен.
Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-ж.т. И.Д. аталган Корея улутундагы жарандар жаш балдарга белгисиз таттуу сымал нерселерди бергендиги боюнча чара көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чогултулган тиешелүү материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жоруктар Кодексинин 126-беренесинин (Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Корея улутундагы атуулдардан алынган 10 даана таттууларга карата соттук- химиялык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ