Кыргызстандык ММА мушкери Кубаныч Абдисалам уулу Сочи шаарында (Россия) өтүп жаткан Brave CF 46 эл аралык турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Ал тажик спортчусу Жагонир Сайлжамаловду экинчи айлампада муунтуучу ыкманы колдонгондон кийин жеңип алган.
Brave CF 46 турнири 12 беттештен турат. Ага Россия, Украина, Бразилия, Бахрейн, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан спортчулар катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ