Menu

Өзбекстандагы мектептер окуучуларга шахмат үйрөтүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахмат оюнун өнүктүрүү боюнча 2025-жылга чейинки мамлекеттик программаны бекитип, мектептерди 2-3-4-класстардын окуучуларына шахмат үйрөтүүгө милдеттендирди.

Маалыматка караганда, 2021-2022-окуу жылында өлкөнүн 150 окуу жайында шахмат боюнча тереңдетилген сабактар киргизилип, алар дене тарбиянын алкагында өткөрүлөт.

Мамлекеттик программада мектептерди керектүү буюмдар менен жабдуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 7,5 миллиард сум (716 миң доллар) бөлүү каралган. Мындан тышкары 1000 мектепке шахмат боюнча 18 сааттык окуу планын киргизип, буга кошумча 10 миллиард сум (954 миң доллар) бөлүү сунушталган.

Президенттин жарлыгына ылайык, министрликтер менен мекемелер жылына бери дегенде эки жолудан “шахмат күндөрүн” өткөрүп, маалелерде “Шахматчы үй-бүлө” деп аталган сынактар уюштурулуп турушу керек.

Балдарга жапырт шахмат үйрөтүү боюнча программа Грузияда 2015-жылы башталган. Аны шахмат боюнча көп жолку чемпион Гарри Каспаров иштеп чыккан.

https://www.centralasian.org/a/27297579.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: