Menu

Финполиция: “Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен”

Бөлүшүү:

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ош Электр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ЭККМКтин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, (аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан) Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталды (болжол менен 100 миң АКШ доллары), аны сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Ошентип, “Ош Электр” ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, “Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: