Menu

КР ТИМ Башчысы Афганистандын жаңы элчиси менен кыргыз-афган мамилелерин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады

Бөлүшүү:

КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев 19-январда Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бисмеллах Вазири мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Афганистандын Элчиси Б.Вазири жолугушуу жана эл аралык протоколдук жол-жоболоруна ылайык аталган кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндөгү Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Б.Вазири мырза учурдан пайдаланып, министр Р.Казакбаевди жана ал аркылуу биримдик рухун көрсөткөн кыргыз элин президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-афган мамилелерин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле диний экстремизм менен эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарынын абалын жакшыртууга багытталган чараларды афган тарабы менен биргеликте кабыл алуунун зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Афганистанда этникалык кыргыздар топтолуп жашаган жерлерде инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев акыркы саясий окуялардын жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн афган тарабына ыраазычылык билдирүү менен, Кыргыз Республикасы акыркы он жылдыктарда Афганистандын Өкмөтү жетишкен демократиялык өзгөрүүлөрдү, эң оболу, Афганстан Ислам Республикасынын тынчтыкка тез жетүү ниетин ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.

Учурдан пайдаланып, Министр Р.Казакбаев АИРдин КРдеги Элчиси Б.Вазирини Кыргыз Респуликасынын жаңы шайланган Президентинин инаугурациясы аземине чакырып, ошондой эле үстүбүздөгү жылы Президент Ашраф Ганинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууну сунуштады, сапардын жыйынтыгы кыргыз-афган кызматташтыгын бардык багыттар боюнча илгерилетүүгө кызмат кылаары белгиленди.

АИРдин КРдеги Эличиси Б.Вазири өз кезегинде кыргыз тарабынын сунуштарын колдоп, АИРдин Бишкектеги Элчилиги кыргыз-афган мамилелеринин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүчү иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун аягында Министр Р.Казакбаев АИРдин КРдеги Элчиси Б.Вазириге кесиптик ийгиликтерди каалап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын уланышына үмүт артарын белгилеп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: