Menu

ИИМ: Жалал-Абадда курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн  жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады.

Аталган факт КЖБРге КР Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

18-январда Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын кызматкерлери «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу атуул ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.

Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: