БШК Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти деп жарыялады. Мындай чечим комиссия мүчөлөрүнүн бүгүн, 20-январдагы отурумунда кабыл алынды.
2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого катышкан шайлоочулардын саны – 1 395 513, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 39,16% түзөт.
Ошентип, расмий маалымат боюнча, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлер төмөндөгүдөй добуш алышкан:
1. Садыр Жапаров – 1 105 248 добуш же 79,20 %,
2. Канатбек Исаев – 8 038 добуш же 0,58%
3. Мыктыбек Арстанбек – 23 583 добуш же 1,69%
4. Клара Сооронкулова – 14 005 добуш же 1,00%
5. Имамидин Ташов – 16 383 добуш же 1,17%
6. Рашид Тагаев – талапкер болуудан баш тартып, бюллетенден аты-жөнү чийилген
7. Абдил Сегизбаев – 20 335 добуш же 1,46%
8. Адахан Мадумаров – 94 741 же 6,79%
9. Аймен Касенов – 12 684 добуш же 0,91%
10. Улукбек Кочкоров – 9 397 добуш же 0,67%,
11. Жеңишбек Байгуттиев – 1 327 добуш же 0,10%
12. Элдар Абакиров – 6 996 добуш же 0,50%
13. Курсан Асанов – 6 885 добуш же 0,49%
14. Арстанбек Абдылдаев – 1 157 добуш же 0,08%
15. Равшан Жээнбеков – 2 652 добуш же 0,19%
16. Бактыбек Калмаматов – 6 893 добуш же 0,49%
17. Бабыржан Төлбаев – 32 979 добуш же 2,36%
18. Каныбек Иманалиев – 2 490 добкш же 0,18 %,
“Баарына каршы” – 18 673 избирателей же 1,34%
Эми жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ишке киришүүсү үчүн инаугурация өтүшү керек. Ал эми инаугурация 28-январда өтө турганы айтылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ