“Премьер-министр болууга оюм жок. Андай чоң кызматка даяр эмесмин, быша элекмин, жетиле элекмин, – деп билдирди юрист Медер Алиев жергиликтүү телеканалга берген маегинде.
“Биринчиден, ар ким өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүгүн туура баалашы керек. Азыр мен премьер-министр боло албайм. Премьер-министр болуу үчүн таасирдүү саясий фигура болушуң керек. Экинчиден, ал кызматты мага эч ким сунуштабайт деп ойлойм”, – деп билдирди ал.
“Менде эптеп эле кызматка баруу эмес. Маркум Элмирбек Иманалиевдин “Ченелүү өмүрдүү майнаптуу, натыйжалуу өткөргүм келет” деп айтканы жакты мага. Бул тууралуу Энштейндин дагы “Стремись не к успешной жизни, а стремись к осознанной жизни” деп айтканы бар. Мен дагы жашоом маңыздуу болсун дейм.
Эгерде мен өзүм туура деп эсептеген, пайдам тие турган жер болсо, мекенге кызматка кылууга катардагы жаран катары даярмын. Ал эми эптеп эле майлуу-сүттүү жерге барып отуруу деген мен үчүн эмес”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ