Ырчы Анжелика Кайратова Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. Операциядан кийин анын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу журналисттерге медициналык борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгедей, азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте.
Белгилей кетсек, ырчы 23-январда эртең менен Караколдон Бишкекке кайтып келе жатып кырсыкка учураган. Унааны Анжеликанын курбусу башкарып бара жаткан. Унаада ырчы өзү жана эки кызы дагы болгон. Муздан улам унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Анжеликанын 6 жаштагы кызынын эки буту сынып, ырчы аймдын омурткасынан жаракат алган. Ага Бишкекке алынып келинип, шашылыш операция жасалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ