Menu

Алматыда олимпиадалык чемпионду жоопко тартууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Алматыда активист Айгерим Тлеужанова шаардык полиция департаментине арыз жазып, бокс боюнча олимпиадалык чемпион Ермахан Ибраимовду жоопко тартууну талап кылды.

Арыз жазууга 10-январда борбордук аянтта полиция таза шайлоону талап кылган активисттерди курчап турган кезде спортчу күч колдонууга умтулуп, плакаттарды айрып, жаңжал жаратууга аракет жасаганы себеп болгон.

Укук коргоочу Ерлан Калиев “Азаттыкка” билдиргендей, спортчуга административдик кодекстин “Уруп-сабоо”, “Майда бейбаштык” беренелери боюнча иш козгоого болот.

2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону жергиликтүү басылмаларга Алматыдагы митингге барганын айткан. Ал өкмөттү айыптаган активисттердин плакаттарын айырганын, аларды өлкөдөгү тынчтыкты бузууга айыптаганын мойнуна алды.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өткөн 10-январь күнү Алматы шаарынын борбордук аянтына жарандык активист Жанболат Мамай менен демократиялык партия түзүүнү жактаган “Oyan, Qazaqstan” кыймылынын мүчөлөрү жыйналып, элди шайлоого бойкот жарыялоого үндөшкөн. Ошол маалда полиция кызматкерлери келип, аларды эч жакка чыгарбай бир нече саат курчап турушкан.

“Еркіндік қанаты” фондунун байкоочуларынын билдиришинче, 10-январдагы шайлоо өлкө тарыхындагы эң адилетсиз шайлоо болуп калды. Беделдүү эл аралык уюмдардын байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эркин жана акыйкат өттү деп тааныган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: