Menu

Видео – Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган каракчылар кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган каракчылар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 18-январь күнү саат 22:30 чамасында азиат улутундагы 25-30 жаштар чамасындагы 2 жаран бетине медициналык беткап тагып алышып, Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине киришип, сатуучу кызды бычак менен коркутуп, кассада болгон 10300 (он миң үч жүз) сомду, сатуучунун сумкасындагы 500 (беш жүз) сом акчаны жана кол саатын, санитардык китепчесин алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Коомчулук арасында резонанс жараткан өзгөчө оор каракчылык кылмышынын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, алгач алардын өздүктөрү такталып, натыйжада шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургундары 2000-ж.т. У.М. жана А.О. кармалышып, жанынан кылмыш ишине тиешелүү далил буюмдар алынган.

Андан сырткары шектүү делген У.М.нын жанынан өзгөчө кеcкин жыты бар 1,38 грамм баңгизаты табылып алынган. Бул факты боюнча да КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалып, убактылуу
кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы күндө алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: