Арча-Бешик жаңы конушунун тургунунун үйүнө кирген уурулар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, 26-августта Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сомун алып кетишкен уурулар тууралуу арыз менен милицяга кайрылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ага шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М.аттуу адам кармалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ