Menu

Тажикстан уюшкандык менен 400 жаранын Иркутск шаарына жумушка жөнөтөт

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги Орусиянын Иркутск шаарындагы курулуш компаниялары менен 400дөн ашык тажик жаранынан турган топту эмгек миграциясына жөнөтүү программасы боюнча макулдашканын билдирди.

Өлкөнүн Эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлү Фарангис Исломова Иркутск шаарындагы үч курулуш компаниясы Тажикстандан эмгек мигранттарын алып келүүгө билдирме жөнөткөнүн билдирди.

«Бул компаниялар тажикстандык жумушчуларды чартердик каттамдар менен Иркутск шаарына жеткирип, жумуш орундары жана турак-жай менен камсыз кылуу милдеттенмесин өздөрүнө алышты. Жол кире, Орусияда каттоого туруу жана иштөөгө уруксат берген документтерди алуудагы чыгымдардын баарын компаниялар өздөрү төлөмөй болду. Мындан тышкары белгилүү бир убакыттан кийин бардык жумушчуларды эмгек өргүүсүнө чыгарып, жумуш берүүчүнүн эсебинен мекенине келип-кетүүсүнө шарт түзүү боюнча макулдашууга келдик», — деди ал.

Исломованын айтымында, эми эмгек мигранттарынын көбү Орусияга ушундай жол менен жөнөтүлө баштайт.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, эл аралык аба каттамдары токтотулгандыктан, жүз миңдеген тажикстандык жаран Орусияга иштегени кете алган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: