Menu

Нур-Султанда аялдар “үй-бүлөлүк зомбулук” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышууда

Бөлүшүү:

Нур-Султанда 30дай аял Министрлер үйүнө келип, “Үй-бүлөлүк жана турмуштук зордук-зомбулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга каршы чыгышты. Алардын айтымында, мыйзам долбоорунда “балдарга катаал мамиле жасоо” деген сүйлөм арбын жана көптөгөн чектөөлөр бар.

Аялдар эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликтин балдарды тартып алуу жана ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча ыйгарым укуктары көбөйө турганына кооптонушууда.

– Бул мыйзамда балдардын укугу кандай корголо турганы жазылган эмес. Жеке менчик уюмдарга артыкчылык берилген. Маселен, 111 номуруна телефон чалган балдардын даректери топтолот. Кийин учуру келгенде ал маалымат өзүнө каршы пайдаланылат, – деди Мөлдүр Сарсенбаева.

Чогулган аялдарды полиция көзөмөлгө алып турду.

Аялдар мыйзам долбооруна каршы петицияны президенттин администрациясына жана Коопсуздук кеңешине жөнөтүүнү пландашууда.

“Үй-бүлөлүк жана турмуштук зордук-зомбулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору мажилис депутаттарынын биринчи окуусунан өтүп, бирок өткөн аптада кайра артка кайтарылган. Президент Токаев мыйзамдагы нормаларды кайра карап чыгып, коомдун пикирин эске алууну тапшырган.

Мыйзам долбоору соцтармактарда кызуу талкууланып жатат. Колдонуучулар документ боюнча, “ар бир балага планшет алып берүү керек, ар бир баланын өзүнчө бөлмөсү болууга тийиш, муздаткыч тамак-ашка толуп турууга тийиш, эгер бийлик балага экономикалык зомбулук жасалган деп чечсе, баланы алып коет” деген пикирлерди жазышууда.

Мыйзам долбоорунун авторлору документ боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй калганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: