Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, Асанов КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту “Имараттарды жана курулмаларды басып алуу” боюнча айыпталууда.
Адвокат Октябрь окуясында Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу жөнүндө сөз болуп жатат деп болжолдойт.
Ал кошумчалагандай, Курсан Асанов ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ