Menu

Ташкентте кыргыз-бангладеш мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-январда, бенгалия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Ташкенттеги резиденциясы менен Кыргыз Республикасындагы Бангладеш Эл Республикасынын Атайын
жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джахангир Алам менен жолугушуусу болуп өттү.

Болуп өткөн сылык сапардын жүрүшүндө элчилер кыргыз-бангладеш мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле текстиль өнөр жайы, туризм жана айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар маданият жана билим берүү жаатында, айрыкча эки өлкөнүн боордош шаарларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү
зарылдыгын белгилешти. Тараптар аталган багыттар боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти. Ибрагим Жунусов Джахангир Аламды кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады, ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Джахангир Алам Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун жана референдумду ийгиликтүү өткөзүүсү менен куттуктап, ошол эле учурда Бангладеш Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган башка маселелер дагы каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: