Бүгүн, 28-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 128 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 48, Чүй облусунан – 60, Нарын облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 9, катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 303 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 151 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 80 481 жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 54, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 49, Ош облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад облусунан – 7, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1408ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ