Бүгүн 28-январь күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылынын Калыбаев орто мектептин от жагуучу бөлмөсүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:48де Кара-Буура райондук №91 өрт кутаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 08:10до кошумча 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:22де чектөөгө алынган.
Өрттүн чыгышынын себеби от казанды туура эмес пайдалануудан келип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ