Menu

Депутат Камчыбек Жолдошбаев чагымчылардын аракеттерин төгүнгө чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январда таңкы саат 09:30 чамасында Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй бараткан КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына бир аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей, кагылыш жасады. Бул тууралу депутаттын басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи даражадагы Чокморов көчөсүндө бараткан Lexus автоунаасына жол бербей, экинчи даражадагы чолок көчөдөн капыстан чыга калып, Mercedes автоунаасы жол жол жүрүү эрежелерин одоно бузду.

Жол кырсыгынан кийин Mercedes автоунаасынын айдоочусу митаамдык кылып, Lexus автоунаасына келип, анын рулда олтурган айдоочусуна эмес, арткы орундугунда олтурган депутат Камчыбек Жолдошбаевге асылып, “оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып”, жол кырсыгына депутатты айыптап, анын документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, чагым жасап, депутат ачуулангандан кийин аны видеокамерасына тартып алып, социалдык тармактарда каралап таркатууда.

Жол кырсыгынан кийин эки машина тең жол инспекциясынын айып аянтчасына токтотулган.

Азыр компетенттүү органдар жол кырсыгынын себептерин иликтеп, документтештирүүдө. Биз мунун баары мыйзамдуу болушун каалайбыз жана мыйзамга баш ийебиз.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев бул жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берем деп, ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: