Menu

Боттичеллинин эмгеги рекорддук 92 миллион долларга сатылды

Бөлүшүү:

Кайра жаралуу доорундагы флоренциялык сүрөтчү Сандро Боттичеллинин «Медальон кармаган жигит» аттуу эмгеги Нью-Йорк шаарындагы аукциондо 92 миллион 200 миң долларга сатылды.

Бул Боттичеллинин буга чейин аукциондордо сатылган эмгектери үчүн жаңы рекорд болду. 2013-жыл анын «Мадонна, наристе жана Иоанн Креститель» деген эмгеги 10,4 миллион долларга сатылып, рекорд койгон.

Sothebyʼs аукцион үйүнүн билдирүүсүндө «Медальон кармаган жигит» сүрөтчүнүн сатыкка коюлган эң барктуу эмгектеринин бири экени белгиленген.

1470–1480-жылдары тартылган сүрөт XVIII кылымдан бери уэльстик Ньюборо аттуу аристократтардын үй-бүлөсүнө таандык болуп келген. 1982-жылы аны америкалык девелопер Шелдон Солоу 1,3 миллион долларга сатып алган. Азырынча бул жолку сатып алуучунун аты-жөнү айтыла элек.

«Медальон кармаган жигит» сүрөтү дүйнөлүк музейлер менен галереяларга бир нече жолу коюлган. Алардын арасында Лондондогу Улуттук галерея менен Нью-Йорктогу Метрополитен искусстволорунун музейи да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: