Эки адамды өлтүргөн кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн жана областтык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде 54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К.ны өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү жаран 26 жаштагы Ж.А. Бишкек шаарынан кармалган.
Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен.
Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки иши башталган.
Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ