Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019- жылдын 26-декабрындагы № 3477 – VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” маалыматты угушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Надырбек Козубаев бул токтомдун алкагында абанын булгануусуна каршы күрөшүү боюнча 40 иш-чара иштелип, аларды аткаруу үчүн министрликтер менен ведомстволорго бөлүштүрүлгөндүгүн маалымдады. Ал абанын булганышынын негизги булагы болуп БЖТда жана борбор калаанын турак- жай секторлорунда көмүр жагуунун натыйжасында, саны нормадагыдан 10 эсеге ашып кеткен автомобиль транспортунан чыккан түтүн экендигин белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Бактыбек Турусбеков тилекке каршы, токтом дээрлик аткарылбай жаткандыгын, ышка каршы чаралар күтүлгөндөй натыйжа бербегендигин белгиледи. Депутат Абдывахап Нурбаев күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуунун зарылдыгына көңүлдөрдү бурду. Өз кезегинде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков бул теманын актуалдуулугун айтып, Өкмөттүн жаңы курамы бекитилгендигинен улам баяндамачы жок экендигине байланыштуу аны талкуулоону парламенттин кийинки кеңешмесине калтырууну сунуштады. “Кийинки кеңешмеге биз тиешелүү ведомстволордун жетекчилерин жана бул тармакты тейлеген вице-премьер –министрди чакырабыз” – деди Н.Алимбеков. Депутаттар анын сунушун колдоого алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ