Menu

Жакынкы күндөрү милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында рейдтик иш-чаралар өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Жакынкы күндөрү милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында рейдтик иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочулар көп байкалгандыктан, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, ошондой эле авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, же унаага жана айдоочуга тийешелүү документтери жок айдаган айдоочуларды аныктоо, ошону менен бирге мындан башка да адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата атайын чоң маштабта рейдтик иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул рейдтик иш чара Бишкек шаарынын аймагындагы баардык 4 районундун белгилүү көчөлөрүндө авто унааларды катары менен токтотуп текшерүү менен коштолот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: