Menu

Камчыбек Ташиев: “Наркобизнесмендерди жакында ачыкка чыгарабыз”

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири өсүп кеткенин билдирди.

«Мындан ары уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөдө жашабайт. «Смотрящий», «вор в законе» болгусу келгендер башка өлкөгө барып жашасын. Коррупция мамлекеттик кызматта эле эмес, бизнесте да күчөп кеткен. Кечээ эле бир бизнесмен Кытайдан 7 контейнер алып келиптир. Болгону жүзгө жетпеген телевизор алып келгенин көрсөткөн. Ичин ачып карасак, 7 миң телевизор чыкты. Мына, мамлекетке түшө турган акча! Ошонун негизинде бүгүн 30 млн. сом төлөп жатат. «Подиум» дүкөнүнүн ичинде 140 миллион сомдук товар бар экен. Айына 4 миң сом гана салык төлөйт экен. Алар жок дегенде айына миллион сом төгүп турушу керек эле. Мындай бизнесмендер көп. Бул фактыларды жоюп, бюджетибизди көтөрүшүбүз керек. Биздин уюшкан кылмыштуу топторго каршы, коррупцияга каршы күрөшүбүз уланат. Наркобизнеске каршы да иш жүргүзүп жатабыз. Аларды жакында ачыкка чыгарабыз. Арасында генерал чиндерин алып, ошолор менен чогуу иштегендер бар. «Сен мага тийбе, мен сага тийбейин» деп жүрө берсек, эч нерсе өзгөрбөйт. Ал үчүн чечкиндүү кадамдарга баралы» деди Камчыбек Ташиев.

Булак: “Азия ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: