Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого ишенимин билдирди.
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ