Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы министр Асель Чынбаеваны тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө ылайык, Юстиция министрлигине бир катар маанилүү милдеттер жүктөлгөн.
«Юстиция министрлиги каттоо, мамлекеттик органдардын калк менен байланышуу жаатындагы кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон ведомствого айланды. Министрликке ченем жаратуу, эксперттик ишмердүүлүк гана милдети жүктөлбөстөн, калктын жана мамлекеттик бийлик органдарынын укуктук маданият саясатын уюштуруу, мыйзам иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү, анын ичинде бизнестин укук коргоо органдары жана сот тутуму менен өз ара аракеттешүү саясатын уюштуруу милдети да жүктөлгөн. Биз «Юстиция үйүнүн» терминдерин кеңири түшүнүү иретинде тейлөө көрсөтүү боюнча заманбап сервисти негиздешибиз зарыл», – деди ал.
Артем Новиков жаңы жетекчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, жалпы жамаатка жемиштүү ишти жана ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ