Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.
Иш-чаранын алкагында Өкмөт башчы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Премьер-министр «Almaty Digital Forum 2021» Форумунун ишине катышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ