Кечээ, 4-февралда КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда. маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык деңгээлде жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын линиясы боюнча иш-сапарлар менен алмашуу, Covid-19га байланыштуу Пакистандын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистандын медициналык комиссиясынын “кара тизмесинен” чыгаруу маселелерин талкуулашкан.
КРнын элчиси Э.Бейшембиев болуп өткөн КРнын Президентинин шайлоосунун жана мамлекеттик түзүлүш жөнүндө референдумдун жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын бекитүү, Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берип, пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБтин рынокторуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуш кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ