Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир кундук иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ