Menu

«Элдик парламент» өкүлдөрүнө жарым-жартылай болсо да адилеттүү чечим чыга баштады

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо, эски режим тушунда «Элдик парламенттин» өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга күчөтүлгөн шартта адилетсиз жагдайда кесилип кетишкен. Райондук соттун мындай алсыз чечимин андагы бийлик шаардык сот аркылуу да бекемдеген эле. Эки жылдан ашуун убакыттан бери абакта отурушкан береги инсандар үмүт менен Жогорку сотко кайрылышкан. Кечээ 25-июлда Жогорку сот камактагы Марат Султановдун арызын карап, анын буга чейинки Атамбаев бийлигинен алган 10 жылдык жаза мөөнөтүн жарым-жартылай кыскартып, 5 жылдык жаза өтөө менен чектеди. Тагыраагы, 299-статьянын негизинде Марат Султанов «бийликти күч менен басып алууга чакырыгы бар» деп таанылса, мойнундагы башка беренелер боюнча акталды. Буга чейинки УКМКнын тергөө абагындагы жаза өтөө мөөнөтүн кошуп эсептегенде каарманыбыздын эми бир жыл, эки ай убакыттан соң эркиндикке чыгышы күтүлүүдө. Эгерде мунапыска илинсе, анда мындан да кыска аралыкта азаттыкка чыгышы мүмкүн. Ал эми Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев да алдыдагы күндөрдө Жогорку сотко арыз менен кайрылууну самап турушат.

Адилеттүүлүк болсо эми негизсиз жагдайда отурган Талгарбеков менен Колубаевдин да жазалары кыскарып, эркиндикке чыгышы керек. Биз бул жагына көз салып турмакчыбыз.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: