Menu

Эки алтынды жеңген Дарья, колону багынткан Адилет

Бөлүшүү:

Индиянын Бхубанешвар шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргыз жергесинен бу чоң мелдешке Дарья Маслова, Адилет Кыштакбеков, Гүлшанай Сатарова, Мусулман Жоломанов, Арина Клещукова жана Кирил Сарасовдор барышкан. Бизди кубандырганы бу болду, Дарья Маслова желтаманыбыз 5000 метр аралыкка чуркоодо марага 15 мүнөт 57.95 секунд убакта биринчи келген. Кийинки 10 000 метр аралыкта болсо 32 мүнөт 21.21 секундда марага биринчи жетип, Азиянын эки жолку чемпиону деген наамды жеңип алган. Дарьянын жылдызы жанып турган кез. Эгер ушу темпти колдон чыгарбаса, жакынкы олимпиада оюндарында байгелүү орундарды багынтып коюшу да мүмкүн деген маанай жаралып отурат. Дагы бир желтаманабыз Адилет Кыштакбеков 10 000 метр аралыкга 30 мүнөт 05.65 секундада мараны кезип өтүп, Азиянын татыктуу коло медалын багынтты. Эки желтамандарыбызга мындан аркы мелдештерине ийгилик каалап турабыз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: