Menu

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Салайдин Авазов шайланды

Бөлүшүү:

Сегизинчи чакырылыштагы шаардык кеңештин кезексиз 2-сессиясында калаа башчысы тандалды. Шаардык кеңештин курамындагы жана сессияга катышкан 31 депутатынын 30унун добушу менен Авазов Салайдин Абдивалиевич шаар мэри болуп кайра шайланды. Ошентип, шаардык кеңештеги депутаттык фракцялардын дээрлик бир жылдык талаш-тартыштарына чекит коюлуп, шаардык кеңеш жана шаар мэриясы толук кандуу иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Эскерте кетсек, алтынчы жетинчи чакырылыштагы шаардык кеңеш 2016-жылдын декабрь айында шайланып, бирок саясий партиялардын ортосундагы саясий интригалардын айынан таркап кеткен. Быйылкы жылы май айында сегизинчи чакырылыштагы шаардык кеңеш шайланып, бир катар саясий атаандашуулардан кийин КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика” фракциялары “Ийгилик” көпчүлүк коалициясына биригишкен. “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары азчылыкта калышкан. Ал эми 9-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана туруктуу комиссиялар шайланып, шаардык кеңеш ишин баштаган.

Бүгүнкү сессияга бардык депутаттар катышышты, бирок “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сессияга жарым саат кечигип келишти. Ал эми шаар башчылыгына эки талапкер – шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов  жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков ат салышты. С. Авазов өзүнүн программасы тууралуу айткан соң, М. Адылбеков өзүнүн талапкерлигин алып салды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 31 депутаттын 30у С. Авазовго, 1 депутат М. Адылбековго добуш бергени маалым болду.

С. Авазов 2014-жылы сентябрь айынан бери шаар мэри болуп иштеп келген. Ал иштеп турганда шаарда ири инфраструктуралык өзгөрүүлөр жүз берген.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: