Menu

Республика аймагында “Камкордук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейди өткөрүлдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-17 ноябрь күндөрү Республика аймагында “Камкордук” аталышындагы ыкчам-алдын алуу рейди өткөрүлдү. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын өтүшүнө ИИОнун 2500 кызматкери, уюмдардан жана мекемелерден 950 жакын өкүлдөр тартылды. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынан-83, билим берүү мекемелеринен-628, социалдык жактан коргоого алуу органдарынан-177, саламаттыкты сактоо органдарынан-62 кызматкер катышты.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты- турмуштук оор жагдайда жашап жаткан жаш өспүрүмдөргө камкордук көрүү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө ИИОнун кызматкерлери коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте турмуштук оор жагдайга дуушар болгон жаш өспүрүмдөр көп жүргөн соода-түйүн борборлору, канализациялар, люктар, автобекеттер, унаа жуучу жайлар текшерилген.

ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаш балдар тарабынан кылынган 7 кылмыш ишинин бети ачышкан. Анын ичине тоноо-1, уурулук-3, бейбаштык-1 жана башкы кылмыштар-2. Дайынсыз жоголгон 16 балага издөө жарыяланган. Жаш өспүрүмдөр арасында кайырчылык менен алектенгендерден 102 бала аныкталган. Алардын ичинен балдар үйүнө жана интернаттарга 6 бала, коомдук борборлорго-6, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жаш өспүрүмдөрүн кабыл алуу борборуна 90 жаш өспүрүм жеткирилген.

Иштеп жүргөн 83 бала аныкталып, анын ичинен 5 жаш өспүрүм оор жумуштарда иштешет. Иш-чаранын жүрүшүндө 42 бала окубай калганы маалым болуп, кайра 15 бала жалпы билим берүү жайларына окуусун улантыш үчүн жайгаштырылган.

Турмуштук оор жагдайга 412 бала кабылган, алардын ичине: кароосуз калган жаш өспүрүмдөр-57, үйү жок жаш өспүрүмдөр-9, турмуштук оор жагдайда-40, мектепте окубай калгандар-24, базарларда жана башка жайларда иштегендер-51, начар турмушта жашаган үйбүлөөнүн балдары-39, ал эми сыртка иштегени чыгып кеткен мигранттардын балдары-94, ички мигранттардын балдары-101 жаш өспүрүмдөр аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 65-беренесинин (Жашы жетелек өспүрүмдү тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде 24 протокол толтурулган. Жаш өспүрүмдөр жөнүндө аныкталган бардык фактылар боюнча балдар менен укук бузууларга баргандыгынын себептерин аныктоо үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга 529 маалымат жөнөтүлдү. Мамлекеттик жергиликтүү администрацияга-113, билим берүү органдарына-235, саламаттыкты сактоо органдарына-12, прокуратурага-3, социалдык коргоо органдарына114 жана башка мекемелерге-52 маалымат берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: