“Ушу тапта Кыргызстан спорт жаатында ири ийгиликтерге жетишүүдө. Мисалы, «Көчмөндөр оюу» кыска мезгил аралыгында дүйнөлүк деӊгээлдеги ири иш-чаралардын бири болуп калды. Ал бизде дагы чоӊ мүмкүнчүлүктөр бар экенин таасын көрсөттү. Келерки жылы III дүйнөлүк «Көчмөндөр оюну» өтөт, ага азыртан жакшылап даярдануу керек”, – деди депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирди.
«Көчмөндөр оюу» жеке эле спорт эмес, улуттук салт-санаа өзгөчөлүгүнүн көргөзмөсү да болуп саналат. Өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүү аракети болууда. Ал үчүн «Көчмөндөр оюуна» азыртан кам көрүп, аны азыртан жарнамалап, инвесторлорду тартуу зарыл. Ал канчалык жогорку деӊгээлде өтсө, ошончолук кайрымы болот. Мамлекеттик колдоо керек», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ