Menu

Мелис Турганбаев Украинадагы Жусупбек Шариповдон кайсы кызматтарды сурады?

Бөлүшүү:

Аз күн мурда Мелис Турганбаев Украинадагы Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси, президенттин бир тууган агасы Жусупбек Шариповго жетип барып, алды-артынан өтүп, кызмат каңкуулаганы күлкү келерлик эмеспи? Ички иштер министрлигин сураганы, болбосо Совбезге же Нарын губернаторлугуна деле бара берерин божураганы кандай? Мындай сунушка Жусупбек Шарипов сылык маанайда жооп узатып, кадр саясатына кийлигише албасын билдиргени бизге чейин угулду. Кызыгы, өткөн президенттик шайлоодо Турганбаев Ат-Башыдан Сооронбай Жээнбеков үчүн иштемиш этип, бирок, кыйраткан добуш ала албаганы факты да… Же эми буларды да алдап кетейин дегениби? Убагында Жаныш Бакиевге жармашып, ГУБОПтун начальниги, ИИМ орун басары болгон «Манты кулак» 2010-жылдан кийин Икрамдын колтугуна кирип, кайрадан ИИМдин орун басары, Бишкек ШИИБнин начальниги, акыры министр да болгон. Ошол кезде көөп кетип, эски өнөрү менен заказдарды аткарып, күнөөсүз адамдарды каматканын бүгүн эстеп көрсүнчү? Мындай жойкума немени бүгүнкү бийлик деле билет да, жакын жолотсо Жаныш менен Икрамдай кылып, эртең эле сатып кетсечи?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: