Өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жүз жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде 1277 адам эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.
Мунапыс түзөтүү колонияларында, тарбия жана турак колонияларында кесилгендерге, тергөө абактарында жаткандарга карата колдонулду.
104 киши жаза өтөөдөн бошотулса, абактан же камалган жерден качып кеткен 10 киши эркиндикке чыкты.
Соттолгон 1163 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды. Абакта жатпастан жазасын өтөп жаткан, жаза-аткаруу инспекторлорунун тизмесинде турган 927 жаранга мунапыс колдонулду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ