Финляндия Республикасынын Президенти Саули Ниинистё Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу 5 февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганыңызга байланыштуу Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине куттуктоо сөздөрүн жолдоймун. Ошондой эле бул жогорку кызматта ийгиликтерди каалаймын. Менин жогорку урматтоомду жана ишенимимди кабыл алыңыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ