Жарандык активист Тилекмат Куренов 2020-жылдын 5-октябрындагы окуяда жабыркагандарга кайрылып, бүгүнкү күндө аларга көңүл бурулбай жатканын айтып, кезеги келгенде алар 5-октябрь революция күнүнүн баатырлары деп тааныларын билдирди. Бул тууралуу видеокайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Революциянын өз максатына жеткизебиз. Биз өзүбүздүн максаттарыбызды, революциядагы идеяларыбызды уурдатып жибердик. Уурдалган оокат эч качан буйрубайт. Уурдалган оокат уурдаган күндөн баштап арам болот. Силер өмүрүңөрдү тобокелге салып, колу-бутуңардан ажырадыңар, биз каршы чыккан үй-бүлөлүк кландар бүгүнкү бийликтин колтугунда жүрүп, саясатын жүргүзүп жатканына байланыштуу силерге көңүл бургандын ордуна ар кандай интрига, саясак оюндарды араңарга киргизип, ынтымагыңарды бузуп жатат. Мындай интригаларга алдырбагыла. Убагы келгенде бардыгы өз нугуна түшөт жана силер баатыр деп тааныласыңар. 5-октябрь сөзсүз түрдө революция күнү деп таанылат”, – деп билдирди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ