Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Facebook социалдык тармагындагы баракчасына лагман жасап жаткандагы сүрөттөрүн жарыялады.
“Кечээ мен балдар менен лагман бышырып жатып, ушул тамак менен болгон окуяны эстедим. Балдарга айтып бердим, сиздерге да айтып берейин.
Турмушка чыкканга чейин чындыгында тамак жасаганды билчү эмесмин. Мен бир гана тамак – чузма лагманын жасаганды билчүмүн. Бул тамакты бала кезимен бери жакшы көрөм. Аны даярдоодо камырды үзбөй, ичке кылып чоюш керек. Муну апам үйрөткөн. Мен камырды үзбөй чоюуга аябай аракет кылчумун жана колуман келчү.
Жаңы үй-бүлөмдө мен жакын адамдарыма өз өнөрүмдү көрсөтүүнү чечтим. Ката кетирбөө үчүн апамдан лагмандын толук рецебиин сурадым. Апам мага рецепти берип, туз жөнүндө айтууну унутуп калыптыр.
Жасаган лагманым абдан кооз болуп, бирок тамак тузсуз болуп калды. Бирок туугандарым тамакты беш мүнөттүн ичинде жеп коюшту. Туз дагы талашта болду”, – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон, Шавкат аттуу уулдары жана Саодатхон аттуу кызы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ