Menu

Өзбекстанда милиция кызматкеринин формасын кийип бийлеген адам сегиз суткага камалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Мирзаабад районунда «лайк» топтоо үчүн милиция кызматкеринин формасын кийип алып бийлеген 26 жаштагы жигит жана аны видеого тарткан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматка караганда, милиция кызматкеринин формасы менен бийлеген Хасан Дустов автоунаа жуугуч болуп иштей турганы аныкталган. Анын таанышы Диербек жигитти видеого тартып соцтармактарга тараткан.

Экөөнүн аракети “коомдук жайларда жүрүү эрежелерин жана этикалык тартип нормаларын” бузуу катары бааланды.

Сот Хасан Дустовду Административдик кодекстин “Майда бейбаштык”, “Министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын формаларын мыйзамсыз түрдө кийүү” беренелери боюнча айыптап, 8 суткага камоо тууралуу өкүм чыгарды.

Өспүрүм баланын ишин Мирзаабад райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек балдардын иши боюнча комиссия карайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: