Шымкент шаарында 9 жашар кызды зордуктоого шектелген Алматы калаасынын тургуну кармалды. Бул тууралуу 15-январда Шымкент шаардык полиция департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 5-январда Ички иштер министрлиги менен шаардык департаменттин кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган.
Полиция кармалган кишинин кылмышка катышы бар экенин күбөлөр менен жабырлануучу ырастаганын кабарлады.
5-январда Шымкент шаарынын тургуну жашы жете элек кызы зордукталганы тууралуу арызданган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ