Menu

“МЭА” ААК: Эртеңден тарта Россияга түз учкан туруктуу каттамдар көбөйөт

Бөлүшүү:
Эртең, 9-февралдан тартып Россияга түз учкан туруктуу каттамдар көбөйөт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз учкан туруктуу каттамдардын жыштыгын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү чечими Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынды.
Кыргызстандын жарандары Бишкектен Москвага төмөндөгү авиакомпаниялар аркылуу учуп кете алышат:
1. «Авиа Траффик Компани» – шаршемби, жума жана жекшемби.
2. «Аэрофлот – Россия аба жолдору» – шейшемби, жума и жекшемби.
Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска карата терс ПЧР (ПЦР) анализин алышы керек, Россия Федерациясына келгенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес.
Мындан тышкары, «Аэрофлот», “S7” жана «Урал аба жолдору” авиакомпаниялары Россиянын жарандары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн тактап айтканда ата-энелери, балдары, жубайы Россия жараны болсо,  жашап турууга уруксаты бар жарандар,  дарыланууга муктаж адамдар, Россиянын медициналык мекемесинен чакыруусу бар адамдар, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары үчүн чартердик каттамдар аткарылууда.
Учууга негиздердин бар экендигин авиакомпаниянын өкүлдөрү билет сатып алып жатканда жана учакка отургузууда текшерүүдөн өткөрүшөт,  “Манас” эл аралык аэропорту ”ААКнын кызматкерлери текшербейт.
Учактын бортуна жүргүнчүлөрдү кабыл алуу боюнча бардык чечимдерди аэропорттун кызматкерлери эмес, авиакомпаниялардын өкүлдөрү кабыл алышат.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК авиабилеттерди сатпайт, авиабилеттердин бааларын белгилебейт же жөнгө салбайт. Ошондой эле, алар авиакомпаниялар менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык мамилелерге катышпайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: