Menu

Милиционер Бишкектеги банк терминалынан 1 миллион сомдон ашуун акчаны уурдап кетти

Бөлүшүү:

Бишкекте Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери банк терминалынан 1 миллион сомдон ашык акчаны уурдап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда банктардын биринин кызматкерлери милицияга кайрылганы такталды. Алар 6-ноябрдан 11-ноябрга чейинки аралыкта терминалдан 996 миң сом жана 2 миң доллардан ашуун акча уурдалгандыгын билдиришти.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция шектүүнү кармады, ал Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери болуп чыкты. Көрсө, милиция кызматкери терминалды кантип ачууну жана андан алынган чиптер кайда сакталаарын билген экен. Ал өз ыктыяры менен уурдалган акчаны кайтарып берген. Сот аны үй камагына чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: