Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында мүмкүнчүлүгү чектелген кыз тайата, тайэнеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылды. Бул тууралуу жабырлануучунун агасы Алтынбек Артыкбек уулу социалдык тармактарда билдирди.
Анын айтымында, 7-февралда ал Ички иштер министрлигинин башчысы Уланбек Ниязбековго кайрылган.
«Менин карындашым Асел төрөлгөндөн баштап эле майып, эки буту тең иштебейт. Ата-энебизден эрте ажыраганбыз. Ата-энебиз өтүп кеткенден кийин биз тайата, тайэнебиздин колунда калганбыз. Карындашым тайата, тайэнемден кордук көрүп жатат. Ушуну мыйзам чегинде чечип берүүнү суранам”. – дейт жабырлануучунун бир тууган агасы.
Видеодо Алтынбек Артыкбек уулу менен анын карындашы Аселдин сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу да камтылган. Анда Асел тайатасы тарабынан зордукталганын тастыктайт.
Маалыматка ылайык, зордук-зомбулукка кабылган кыз учурда 26 жашта. Агасы курулушта иштейт. Жумушу ар карсы жакта болуп калгандыктан, карындашынын жанында дайыма боло албайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ