Menu

Россияга кетчүлөргө жасалма документ саткан Финполдун мурдагы кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин ТИИБдин  кызматкерлери РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФдин дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон фактыны аныкташты. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын кызматкерлери  РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФдин дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны, “Каржы полициясынын” мурдагы кызматкери,  “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар”  жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече  жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап,  кандайдыр-бир документтерди сунуштап, РФге учууга жардам бере тургандыгын  айткан. Материал КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча катталды.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жаран Т.Н. кайрылып, 46050 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын  билдирген.

КР ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы шектүү Ж.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү – 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, уюлдук телефон-0708 00-36-19.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: