Чүй облусунун ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз караштарын тараткан шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун ИИББдүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Аламүдүн районунун аймагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир”, диний экстремисттик уюмунун көз караштарын тараткандагы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
Жогорудагы маалымат Кырмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 2021-жылдын 5-февраль күнү Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен Өзбекстан Республикасында туулуп өсүп, ошол эле өлкөдө соттолгон 1976-жылы туулган Н.С. аттуу жаран кармалган. Анын колдонуп жүргөн телефону алынып, аны кароо учурунда социалдык түйүндөр аркылуу “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз караштарын таратып жүргөнү аныкталып, шектүү жаран бул аракеттерин толук моюнуна алган. Учурда кармалган жаран үй камагына алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ