“Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев түркиялык “Gata havayollari ve tasimacilik” компаниясына эл аралык ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берген деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, жеңилдиктер берилгенден улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Кечээ, 8-февралда Ленин райондук сотунун чечими менен Эмир Чукуев 2021-жылдын 6-апрелине чейин Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесине (Бишкек шаарынын СИЗО-1) камалды.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура кыргыз Транспорт прокуратурасы менен биргеликте “Манас Менеджмент Компани” ЖЧКнын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүүнүн туруктуу, системалуу схемасын аныкташкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ